• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто үйдөн өрт чыгып, 1 адам түтүнгө ууланып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Ош шаарынын Муминов кыска көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен өрт чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, турак үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1938-жылы туулган Н.В. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий