• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто үйдөн өрт чыгып, 2 адам түтүнгө ууланып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Ош шаарынын Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык бүгүн, 5-декабрда катталган.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:11де 1 бөлүм тартылып, саат 09:34тө толугу менен өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен түтүнгө ууланып 57 жана 47 жаштагы эки эркек киши каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий