• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто III ДКО сынактарында байгелүү орундарды ээлегендерге сыйлыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Ош шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөн сынактар боюнча байгелүү орундарды алган катышуучууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен келген акчалай сылыктарды тапшыруу болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырды.

Шаар жетекчиси III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ош шаарынын атын даңазалап, байгелүү орундарды камсыз кылгандардын эмгегин баса белгилеп, дагы бир ирет куттуктады.

Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынында Ош шаарынын катышуучулары 15 номинация боюнча байгелүү орундарга ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий