• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто июнь окуясында каза болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 10-июнь /Кабар/. Бүгүн, 10-июнь күнү Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуясынан каза болгондор эскерилди. Ага Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КР Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, ИИМдин орун басарлары Сүйүн Өмүрзаков, Курсан Асанов, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык жана облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, июнь окуясында каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындары, шаар тургундары келип катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Митинг-реквиемде “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюлуп, улуттар аралык тынчтыктын, ынтымактын символу болгон “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.

Эскерүү иш-чарасын Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ачып, 2010-жылы жеке кызыкчылыгы бар жактардын сөзүнө кирип, араздашкан эки элдин мамилеси бүгүн мурдагы калыбына келип, кийинки кадам өткөндөн сабак алып, “Көздөгөн максатыбыз менен тилегибиз бир, ал – тынчтык жана өнүгүү” деген ураандын негизинде жашап келе жаткандыгын билдирди.

Андан соң, Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, шейит кеткендердин жакындарына көңүл айтты.

“Кылым кезген узун жолдо түрдүү окуялар болгону менен, ар улуттун өкүлдөрү жашаган Ош шаары ынтымак менен биримдикти туу тутуп, достуктун шаарына айланып, гүлдөп өсүп келет. Убакыт өткөн сайын каргашалуу Июнь окуясынын кесепеттери айыгып, улуттар аралык мамилелер өз нугуна түшүп калгандыгын белгилөөгө болот. Эми кыйын кезең өттү, алдыга умтулуп, мамлекеттин өнүгүп өсүүсүнө биргеликте кам көрөлү”,- деди С.Жээнбеков.

Аны менен катар бийлик өкүлдөрү “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде, Ош окуясында каза болгондордун үйлөрүнө барып, куран окутушту.

Пикир

Оставить комментарий