• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто имамдар алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Ошто 10 имамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуулар аяктады.

Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окутуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен биргеликте жүргүзүлгөн.

16 саатка созулган окуунун жүрүшүндө Кызыл жарым ай коомунун машыктыруучулары имамдарга жардам берүүнүн ыкмалары жана анын тартиптерин түшүндүрүшүп, ар кандай себептен улам ден соолугунан жабырланган жаранга алгачкы жардам берүү эрежелери, эс-учун жоготкон, денесинен күйүк алган, кан тамырларынан жаракат алган адамдарга биринчи медицналык жардам көрсөтүү боюнча ыкмаларды үйрөтүштү.

Бардык катышуучуларга биринчи жардам көрсөтүү үчүн атайын кутуларды тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий