• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто имамдардын демилгеси менен «Хадия» боорукердик дүкөнү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Бүгүн, 31-март жума күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 23 имамынын демилгеси менен аталган айыл өкмөттө "Хадия" кайрымдуулук-боорукердик дүкөнү ачылды. Бул боюнча аталган айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатиби Рахимжан ажы Нишанов билдирди Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, дүкөндү ачуу мечит имамдары тарабынан демилгеленип, буга чейин мечитке келген тургундарга идеяны түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада жергиликтүү ишкер өз дүкөнүн акысыз пайдаланууга берсе, жергиликтүү тургундар үйлөрүнөн ашыкча кийим-кече, турмуш-тиричиликке зарыл болгон буюмдарын дүкөнгө алып келип тапшырышкан. Дүкөн ачылаары менен колунда жок, кийимге муктаж болгон 15 жаран өзүнө ылайыктуу кийим-кечелерге ээ болушту.

Иш-чаранын негизги максаты колунда бар жарандарды кайрымдуу, боорукер болууга үндөө жана муктаж болгон бир туугандарга жардам берүү болуп саналат. Эскерте кетсек, аталган дүкөнгө бардык калоочу кайрымдуу адамдар өз салымдарын кошо алат жана бардык муктаж жарандар өзүнө керектүү кийимин алып кетсе болот.

Пикир

Оставить комментарий