• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Индия элчилигинин катышуусунда агробизнес боюнча семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Ош облусунда Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Соода-өнөр жай палатанын Ош облусундагы бөлүмү тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Семинарда агробизнес, соода, техника, натуралдык таза азыктар, дары-чөп өсүмдүктөр жана бизнести өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, ишкерлер өздөрү өндүргөн азыктарын тартуулашты.

Семинарга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри, КР тышкы иштер министринин кызматкерлери жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан келген ишкерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий