• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто “Интеграция жана региондорду өнүктүрүү” аттуу бизнес форум башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Ош облусунда “Интеграция жана региондорду өнүктүрүү” аталашындагы бизнес форум “Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин алкагында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага жергиликтүү ишкерлер жана чет элден келген коноктор катышты. Бизнес форумда ишкерлерге жана инвесторлорго түзүлгөн шарт, инвесторлор менен иштешүү жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Форумдун жыйынтыгы менен ата-мекендик ишкерлер чет элдик компаниялар менен биргеликте иштешүү тууралуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, “Интеграция жана региондорду өнүктүрүү” аталашындагы бизнес форуму 30-сентябрга чейин улантылат.

Пикир

Оставить комментарий