• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды

Коом 0

Бишкек, 21.05.18 /Кабар/. Ош шаарында кыздар интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды, - деп билдирет Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган жай саунадан орун алган. Анын администратору “Жанна” аттуу 30 жаштагы аял кармалды.

Сойкулук менен алектенүүчү жайды уюштургандыгы үчүн кылмыш иши козголду.

Сот кармалган адамды үй камагына алуу баш коргоо чарасын кабыл алды.

Милициядан белгилегендей, жыл башынан бери Ошто кыздар интимдик кызмат көрсөткөн беш жай аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий