• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто ипотекага бериле турган көп кабаттуу үй салынат

Аймак 0

Бишкек, 16.01.19. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Апрель айында Ош шаарында ипотекага бериле турган көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ош шаардык мэриясынын алдындагы Турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция, инновациялык технологиялар фондунун директору Кутманалы Абдрахман уулу билдирди.

Азыр ал 9 кабаттуу үйдүн эскизи даяр. Долбоорлоо иштери 15-мартта аяктайт.

"Эгер баары план боюнча кетип, иштер так аткарылса 9 кабаттуу үйдүн курулушу апрель айында башталат", – деди Кутманалы Абдрахман уулу.

Учурда үйдүн курула турган жери аныкталып, Ош шаарынын Курманжан Датка 121 дарегинде орун алары белгиленген.

Көп кабаттуу үйдө 81 батир болот. Анын 30 пайызы – 1 бөлмөлүү, 50 пайызы – 2 бөлмөлүү, 20 пайызы – 3 бөлмөлүү болору каралган.

Мурда ипотекага берилген үйлөрдүн чарчы метри 420 доллар болсо, азыркысын 350 доллардан берүү каралууда.

Кутманалы Абдрахман уулунун айтымында, батирди ипотекага берүүдө бюджеттик кызматкерлерге артыкчылык берилет. Бирок бюджеттик эмес мекемелерде иштеген Ош шаарынын тургундары да батир алууга арыз таштаса болот.

Пикир

Оставить комментарий