• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто ипотекалык негизде берилүүчү үйдүн курулушу апрель айында башталат

Аймак 0

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Ош шаарында ипотекалык негизде берилүүчү үйдүн курулушу апрель айында башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын алдында түзүлгөн Турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция, инновациялык технологиялар фондунун директору Кутманаалы Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуштун долбоору толук бүткөн. Анда көрсөтүлгөндөй, 9 кабаттан турган 80 батирлүү үйдүн жер төлөөсүндө 40 орундук автоунаа токтотуучу жай болот.

"Азыркы тапта, курулушка даярдыктар жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйдү калаадагы Ленин көчөсүнө курууну пландап жатабыз. Жакынкы күндөрү курулушту баштайбыз, – деди Абдрахманов.

Учурда шаар аймагында турак жайга муктаждардын саны 6 миңдин тегерегинде. Буга чейин жергиликтүү бийлик курула турган үйдүн баасы арзан болоорун убадалаган эле, деп жазат ca-irnews.com.

Пикир

Оставить комментарий