• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто ипотекалык негиздеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Ош шаарында ипотекалык негиздеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-апрелде Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов баштаган жумушчу топ Ош шаарындагы Достук кичи районундагы курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунан кабар алды.

Вице-мэр шаардагы үй муктаждыгы акырындык менен мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун негизинде ишке аша тургандыгын билдирип, аталган райондогу 9 кабаттуу үйдүн 7-кабаты учурда бүтүп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарында ипотекалык негизде үч көп кабаттуу үйдүн курулушу кызуу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий