• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто ипотекалык турак жай алууда кайсы мекеменин кызматкерлери биринчи кезекте турары айтылды

Аймак 0

Ош, 23.11.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кечээ “Достук” жана “Сулайман-Тоо” аймактык кеңештеринин тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар көйгөйлөрүн айтып, тиешелүү суроолорду узатышты. Атап айтканда, ипотекалык насыянын алкагында бериле турган муниципалдык турак жай тууралуу сурашты.

Сарыбашовдун айтуусунда, аталган муниципалдык ипотекалык турак жайды куруу жакынкы күндөрдө башталат.

“Биз ошол жайды куруу боюнча кызуу пландаштырууларды жүргүзүп жатабыз. Бул программанын максаты – үйлөр айлык акысы аз, эң жөнөкөй кызматкерлерге берилет. Бул жерде биринчи кезекте “Ош-Тазалык” жана “Жашылчарба” ишканаларынын кызматкерлери турат. Жакынкы мезгилде 80 батирден турган көп кабаттуу үйдү куруу башталат жана ал батирлер ипотекалык программанын алкагында берилет. Ошондой эле ипотеканын пайыздык ченемин жана төлөө мөөнөтүн элдерге ыңгайлуу кылуу пландалууда”, - дейт ал.

Сарыбашов белгилегендей, калаа тургундары учүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана социалдык мекемелерди жана эс алуу жайларды куруу максатында муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары мэр “Достук” аймактык кеңештин №47, Курчатов, Санкт-Петербург жолдорун оңдоону шаардын 2019-жылдык бюджетине киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле айылдын тургуну Зыйнат Сарыбашеванын кызынын операция жасоого материалдык жардам көрсөтүү тапшырылган.

“Эмдиги жылдан баштап шаардын көчөлөрүн жаңы, заманбап европалык техника тазалап баштайт. Таштандыларды салуу контейнерлерди сатып алуу тендери өттү жана жакында таштандыларды ташуучу техниканы сатып алуу тендери өткөрүлөт. Көчөлөрдө 100дөн ашуун атайын техника иштеп, көчөлөрдү тазалайт. Планга жараша аталган техникалардын жарымы насыяга жарымы гранттык акчаларга алынат”, - деп белгиледи ал.

Калаа башчысы белгилегендей, шаарда тартип жок. Шаардыктарга ыңгайсыздык туудурган бир көйгөй, бул көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегинде мыйзамсыз куруулар бар жана алар шаардын кебетесин бузууда.

“Биз кечээ “келечектин үйлөрү” долбоорун тартуулап, заманбап үйлөр жана анын тегерегиндеги айлана кандай болушу керек экендиги көрсөттүк. Долбоорду ишке ашырууда көп кызматтар жана ишканалар тартылган. Ошондой эле мыйзамсыз салынган имараттарды түрттүрүү да жүргүзүлгөн. Бул ири долбоор жашоочулар менен биргеликте ишке ашууда. Ошол жердегидей көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башка эч жерде жүргүзүлгөн эмес. Биз бул багыттагы жумушту улантууну пландаштыруудабыз. Биздин башкы максат – калаа тургундарына жагымдуу шарттарды түзүп берүү”, - деп белгиледи соңунда Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий