• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто ири соода борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Ош шаарында “Глобус” ири соода борбору ачылды. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ишкерлер жана шаар тургундары катышты.

Шаар жетекчиси ишкерлердин шаардын, өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.

«Шаардын инфраструктурасын жакшыртууда, социалдык экономикалык жактан өнүгүшүндө жеке ишкерлердин салымы чоң. Ошондуктан Ош шаарынын мэриясы бизнес чөйрөнү жакшыртуу үчүн, кичи жана орто бизнести колдоп, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнүн аркетиндебиз», - деди Т.Сарыбашов.

«Биздин соода борбордо 150 адам жумуш орундары менен камсыз болду. Жумушчулар менен КРнын Эмгек Кодексине ылайык келишим түзүлгөн. Соода борбордун негизги өзгөчөлүгү өзүнүн өндүрүштүк тармагы бар. Ал жерде нан азыктарын, шириндиктерди, тамак-аштарды, жарым жартылай даяр азыктарды өндүрөбүз. “Глобус” соода комплексинин эң чоң борбору Ош шаарында ачылды”, - деп билдирди ишкананын маркетинг боюнча директору Ксения Кочергина.

Пикир

Оставить комментарий