• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто ирригациялык системаларды модернизациялоо иштери башталат

Аймак 0

Бишкек, 10.05.22./Кабар/. Бүгүн, 10-майда, Ош шаарында борбордук көчөлөрдүн боюндагы ирригациялык түйүндөрдүн абалы боюнча жер-жерлерде текшерүү жүрдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Капиталдык курулуш, архитектура башкармалыгынын, “Ош шаардык жолдор башкармалыгы” ишканасынын, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка, Ленин, Мамыров, Г.Айтиев, Раззаков, Райымбеков көчөлөрүндөгү ирригациялык системалардын абалы менен таанышты. Анда нөшөрлөп жааган жамгыр маалында ирригациялык системалардын кубаттуулугу коюлган тапшырмаларды аткара албай жатканын, мындан улам айрым жерлерди реконструкциялоо жана алмаштыруу талап кылынары белгиленди.

Бул боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Долбоордук-сметалык документтер түзүлгөндөн кийин шаардын көчөлөрүндөгү ирригациялык системаларды реконструкциялоо иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий