• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Ошто ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Бүгүн, 9-июнда Ош шаарынын прокуратурасынын өкүлдөрүнүн демилгеси менен Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаевдин, Мамлекеттик салык инспекциясынын, санэпид кызматкерлеринин, архитектура жана башка тиешелүү кызматтардын катышуусунда Ош шаарынын ишкерлери менен “Ишкерлердин укуктарын коргоо” темасында жыйын болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлердин көйгөйлөрү, алардын аталган көзөмөлдөөчү органдар менен өз ара аракеттенүүсү көтөрүлдү.

Вице-мэр М. Исаев ишкерлерге алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү үчүн бардык кызматтардын тыгыз өз ара аракеттенүү маселесине токтолуп, ошондой эле учурдагы салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө токтолду. Тактап айтканда, салык органдары өз ишмердүүлүгүн ачык жүргүзүүнү эске алуу менен заманбап контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча маалыматтык иштерди кеңейтүүсү зарыл экендиги айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга ишкерлер менен тыгыз байланышта болуу жана алар менен маалыматтык-агартуу иштерин күчөтүү, анын ичинде ишкерлерди колдоого, алардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий