• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 30-июнда болжол менен саат 08:57де катталып, күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпатектир, Кең-Жылга айылдарында 3,5 балл, Гүлчө, Кара-Шоро, Каблан-Көл, Жаңы-Турмуш айылдарында - 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий