• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-июнда саат 5:22де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак, Сары-Могол, Ак-Босого, Талды-Суу айылдарында 3 балл, ал эми Кожо-Келең айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий