• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында 21-сентябрда саат 22:54тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Социализм айылында, Өзгөн районунун Курбу-Таш, Куршаб айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий