• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 4-декабрда болжол менен саат 16:15те Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик жана Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий