• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 30-декабрда болжол менен саат 12:08де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий