• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ кечинде Фергана кыркасынын тоолорунда күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР УИАнын сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 22:16 чамасында каталган.

Очогу Фергана кыркаларынын тоосундагы Жалал-Абад жана Ош облусунун ортосунда, Байбиче айылынан түштүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Кара-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

КРнын калктуу пункттарында жер титирөөнүн активдүүлүгү 2,5-3 баллга жеткен.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий