• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды

Спорт 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Турнир "Төлөйкөн" ат майданында (Ош облусу) өтүп, ага жети облустан 9 команда катышат.

Чучугулактын жыйынтыгы боюнча курамалар үч тайпага бөлүнгөн:

"А" - Чүй облусу, Бишкек, Ош;

"B" - Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусу;

"С" - Талас, Баткен жана Ысык-Көл облусу.

Бүгүн бир нече беттеш болот: Чүй облусу - Бишкек; Ош облусу - Жалал-Абад облусу; Талас облусу - Баткен облусу.

Пикир

Оставить комментарий