• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто көк бөрү жана ат оюндары боюнча президенттин кубогу өткөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Төлөйкөн айылындагы ат майданда улуттук ат оюндары боюнча республикалык деңгээлде жана көк бөрү боюнча түштүк аймагындагы командалар арасында президенттин кубогу өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ильязбек Балташев жана Көк бөрү, Аргымак федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Улуттук ат оюндарында президенттин кубогу үчүн “Кунан чабыш”, “Жорго салыш”, “Ат чабыш” жана “Тай Жарыш” боюнча республикадан келген чабармандар катышты. Ар бир багыт боюнча жеңүүчүлөргө 4 автоунаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Көк бөрү оюнуна түштүк аймагынан келген 12 команда катышып, байге фонду 370 миң сомду түздү. Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун атынан 100 миң сом, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун резервдик фондунан 70 миң сом жана Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинен 200 миң сом бөлүнгөн.

Көк бөрү оюнунун жыйынтыгында:

1-орун Кара-Кулжа командасы;

2-орун Өзгөн районунун “Көлдүк” командасы;

3-орун Токтогул районунан келген команда;

4-орун Өзгөн командалары ээледи.

Пикир

Оставить комментарий