• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто 700гө жакын Баатыр Эне бар

Аймак 0

Ош, 13-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 13-июлда көп балалуу энелерге “Баатыр Эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшырды.

Тапшыруу аземинде шаар башчысы ар бир эненин аймакты өнүктүрүүгө кошкон салымын, Кыргызстандын келечегине пайда алып келүү үчүн балдарга берген тарбиясындагы эр жүрөктүүлүгүн баса белгилеп өттү.

“Ар бир адам апасын сүйүп жана урматтоого милдеттүү. Бир гана эне-дүйнөдөгү бардык нерсенин булагы, жашоонун, мекенге болгон сүйүүнүн, мекенчилдиктин булагы болуп эсептелет. Ар бирибиз бизге жашоо, тарбия, билим бергени үчүн энелерибизге ыраазы болушубуз керек”,-деди Кадырбаев.

Ош мэри ар бир энеге келип медаль тапшырды. Жалпысынан баатыр-энелерге 64 наам ыйгарылды ошондой эле, 37 энеге “Баатыр Эне” ордени жана 27 энеге “Эне даңкы” медалы ыйгарылды. Сыйлыкка ээ болгон ар бир эненин 6 жана андан ашык балдары бар.

Учурда Ошто 700гө чукул эне “Баатыр Эне” наамын, 300дөн ашык эне “Эне даңкы” медалынын ээси.

Пикир

Оставить комментарий