• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын коопсуздугунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ӨКМ машыгуулары өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.12.17 /Кабар/. Ош шаарында өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана келип чыккан учурда калкты жана материалдык баалуулуктарды коопсуз жайга эвакуациялоодо иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн атайын тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуунун биринчи этабында Ош шаарынын мэриясынын эвакуациялык комиссиясынын курамына жана Ош шаарынын аймактык кеңештердин төрагаларына КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн адистери тарабынан өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана келип чыккан учурда калкты жана материалдык баалуулуктарды коопсуз жайга эвакуациялоо боюнча окуу өткөрүлдү.

Ошол эле күнү Кызыл Ай коому тарабынан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренинг өткөрүлдү.

Ал эми машыгуунун экинчи этабы практика түрүндө болуп, Ош шаарынын №7 «Алымбек-Датка» аймактык Кеңешиндеги Карасуу көчөсүнүн №12 көп кабаттуу үйүнүн 15-16-батирлериде өрт чыгып, жабыркагандарды коопсуз жайга эвакуациялоо боюнча иш-чаралар аткарылылды.

Машыгууга Кызыл ай коому, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын «Куткаруу кызматы», №13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгү жана Ош шаарынын коомдук тартипти сактоо кызматы, медициналык, электр жарыгы менен камсыз кылуу жана жарыктан чүмбөттөө кызматтары тартылган.

Кызыл ай коому тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр үчүн гуманитардык жардамдар таркатылды.

Машыгуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2017-жылдын 8-августундагы №904 “Эвакуация тармагындагы иш-чараларды уюштуруу жөнүндө” буйругун негизинде өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий