• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын жеке компаниялар тазалай тургандыгы сунушталууда

Аймак 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын жеке компаниялар тазалай тургандыгы сунушталууда. Бул тууралуу күн мурун Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев жана вице-мэр Асылбек Топчубаев “Туран” аймактык муниципалдык башкармалыкта жашаган тургундар менен болгон жолугушууда маалым болду.

Жолугушуунун алкагында эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүп, биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев рассасына, тилине, динине карабастан бардык жарандардын каттоодон өтүшү маанилүү багыт экендигин билдирди.

Ал эми вице-мэр А.Топчубаев көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын, көчөлөрдү таза кармап туруу үчүн муниципалдык аймактык башкармалыктар менен жеке тазалоочу компаниялардын ортосунда келишим түзүлүп жаткандыгын билдирди. Айлана-чөйрөнү тазалоо үчүн ар бир батирден айына 50 сомдон топтолуп, жеке үйлөр менен келишим түзүлө тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпысынан 790дон ашуун көп кабаттуу үй бар, ал эми Туран аймактык башкармалыгында 64 көп кабаттуу үй жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий