• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн алдына түнкү чырактар орнотулууда

Аймак 0

Ош, 14.09.17. /Кабар/. Кечээ, 13-сентябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдын түнкү жарыктар менен камсыз кылуу иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,СМУТТ, Аскер шаарчасы, Кулатов, Төлөйкөн кичи райондорунда жайгашкан көп кабатуу үйлөрдүн алдында орнотулган түнкү жарыктар текшерилди.

Шаар мэри көчөлөрдү жана көп кабаттуу үйлөрдүн алдын түнү жарыктар менен камсыз кылуу Ош шаарын өнүктүрүү программасындагы негизги багыттардын бири экенин билдирди.

“Ош шаарын өнүктүрүү программасын кабыл алып жатканда, негизги багыттардын бири катары көчөлөрдү жана үйлөрдүн алдын толугу менен түнкү жарыктар менен камсыз кылууну киргизгенбиз. Программанын алкагында акыркы үч жылда шаарыбызда 174 чакырым жолго түнкү жарыктар орнотулду. Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 млн сом бөлүнүп, шаарда жайгашкан 640 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына түнкү жарыктар орнотулууда. Бул иш аракеттер шаарыбыздын тургундары, жаш балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда жардамын көрсөтөт деп айтууга болот. Буюрса бир жарым айдын ичинде шаардагы бардык көп кабаттуу үйлөрдүн алдына светодиоддук чырактар орнотулуп пайдаланууга берилет”,-деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле А.Кадырбаев, тиешелүү адистерге аткарылып жаткан жумуштун сапатына көңүл бурууну жана аяктоо мөөнөтүнө бүтүрүүнү тапшырды,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий