• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто көпүрө көмүр ташып бараткан унааны көтөрө албай урады — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, 11-октябрда саат 15:20лар чамасында көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп баратып кулап түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, көпүрө жүк ташуучу унааны көтөрө албай ураган.

“Учурда унаалар айланма жол аркылуу өтүп жатат. Унаанын ичиндеги эки адам секирип, аман-эсен калышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий