• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто көп жылдардан бери баңги заты менен алектенген адам кармалды

Аймак 0

Ош, 06.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Оштун 44-жаштагы А.Х., аттуу тургуну көп жылдардан бери баңги заты менен алектенип келген, милиция кызматкерлери тинтүү маалында анын үйүнөн дээрлик 800 гр баңги затын табышкан.

Ал 28-февралда ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө кармалган.

Кармалган жаранга карата кылмыш иши козголду. Милиционерлер бул ишке тиешеси бар башка адамдарды издеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий