• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлык жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлык жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун 2-мартта Ош шаарынын мэриясында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча атайын жыйын өттү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын төрага, төрайымдары, жогорку жана орто окуу жайлардын өкүлдөрү, мектеп директорлары жана башкалар катышты. Жыйында жарыяланган 3 айлык боюнча айтылып, айлана чөйрөгө кам көрүү боюнча сөз болду.

Белгилей кетсек, жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы менен активдүү катышкан мекеме-ишканалар, жеке ишканалар, көп кабаттуу үйлөр баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий