• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Ошто көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэриянын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы Нурлан Закиров жана муниципалдык менчик башкармалыгы, МАБтын кызматкерлери менен биргеликте “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында рейд өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө, КРнын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талабына жооп бербеген 11 ижарачыга эскертүү берилди.

Шаар боюнча жалпысынан 48 соода-сатык жайлар, бассейндер текшерилип, бир катар мыйзамсыз орнотулган жана эскилиги жеткен жарнамалар алынды.

Мамлекеттик тил мыйзамдарынын талабына жооп бербеген жана шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарга рейд жүргүзүү бир ай ичи улантылат.

Пикир

Оставить комментарий