• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто кафеде өрт чыкты, жабыркагандар жок

Кырсык 0

БИШКЕК 15.08.17 /Кабар/. Ош шаарындагы кафелердин биринде бүгүн эртең менен өрт чыккан. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей эч ким жабыркаган жок.

Маалыматка ылайык, өрт А. Масалиев проспектисинде орун алган кафеден чыккан.

Кафени тилсиз жоо каптаганы боюнча маалымат саат 9:00 келип түшкөн, өрт чыккан жерге ӨКМдин үч өрт өчүрүүчү унаасы жөнөтүлгөн. Өрт толугу менен 10:08де өчүрүлгөн.

Учурда анын кесепеттери иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий