• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто кайрадан масштабдуу "Рамазан Чатыры" эшигин ачат. 4000 кишиге дасторкон жайылат

Аймак 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Ыйык Рамазан айынын урматына жана 2019-жылдын “Аймактарды өнүктүрүү жылы”, ошондой эле Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланышынын алкагында UMMA журналы Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен Оштун борборунда масштабдуу “Рамазан Чатырын” ачат.

Бул маданий жана кайрымдуулук долбоору 17-майдан 1-июнга чейин Бабур атындагы музыкалык-драма театрынын аймагында иш алып барат. 16 күн бою кызмат кылчу чатырда күн сайын 250 адамга ооз ачуу кечелери уюштурулуп, жалпысынан 4000 кишиге дасторкон жайылмакчы.

Чатыр майда, декоративдүү лампочкалар менен кооздолот. “Рамазан Чатырынын” көркүн аят, хадистер, ислам тууралуу уникалдуу инфографика, плакаттар ачат.

Пикир

Оставить комментарий