• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто калкка кызмат көрсөткөн айдоочулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек,27.10.18./Кабар/. Кечээ, 26-октябрда Ош шаардык мэриясында автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү.

Вице-мэр Асылбек Топчубаев кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мэриянын ардак грамоталарын тапшырды.

“Шаарыбыздын күнүмдүк турмуш-тиричилигин камсыз кылууда автомобиль транспортунун жана жол чарба тармагынын ээлеген орду чоң. Шаар тургундарына транспорттук кызмат көрсөтүүдө, жүргүнчүлөрдү ташууда майрам, дем алыш дебестен элге кызмат кылууда эмгегиңиздер өзгөчө”,-деди вице-мэр.

Тиешелүү кызматкерлер Ош шаардык кеңешинин ардак грамоталары менен да сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий