• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто каналдын боюнда асынып алган адамдын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.2017 /Кабар/. Ошто Увам каналынын боюнда асынып алган адамдын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, куткаруу кызматына Курманжан Датка көчүндө азиат түспөлүндөгү адам асынып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. ӨКМдин кызматкерлери денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда укук коргоо кызматкерлери окуянын чоо жайын текшеришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий