• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто каналга эркек киши чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.20 /Кабар/. Ош шаарындагы Амир-Тимур кичирайонунда 11-июлда саат 19:30да Түштүк каналына 32 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-июлда издөө иштери улантылып, ага куткаруучулар, 4 милиция кызматкери жана 6 жергиликтүү тургун тартылган.

Сууга чөккөн адамдын сөөгү саат 15:15те табылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий