• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто каналга түшүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Ошто каналга түшүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 11-июлда саат 19:30дар чамасында Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 32 жаштагы эркек киши түшүп кеткендигин тууралуу билдирүү түшкөн.

Издөө иштерине министрликтин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 8 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган.

"Бүгүн саат 15:15тер чамасында маркумдун сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий