• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто кар көчкү басып калган мергенчи каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Ош облусунда кар көчкү басып калган мергенчи каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 5нен 6-февралга караган түнү Чоң-Алай районунун Чек айылынын 1996-жылы туулган А.Ж. аттуу тургуну Кулчу айылынын тоосунда карышкырга мергенчилик кылып жүргөн учурда кар көчкү басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине чалгындоо жана издөө иштерин жүргүзүү максатында Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 27 жаштагы жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий