• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто каракчылык жана адам уурдоого шектелген УКТ мүчөлөрү кармалды

Коом 0

Бишкек, 23.05.18 /Кабар/. Ош шаарында каракчылык жана адам уурдоого шектелип, УКТ мүчөлөрү кармалды, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматка ылайык, 21-майда милицияга Ю.М., аттуу жаран кайрылып, 20-майда болжол менен саат 21:30да ага базарлардын биринен белгисиз эки жигит жакындап келип, күч колдонуу менен жабырлануучуга таандык болгон “Lexus LS 460” автоунаасына салып, белгисиз багытта алып кетишкен.

Алар бир нече саат жабырлануучуну сабап, кармап турушкан. Андан кийин жабырлануучуну көчөгө таштап, анын унаасында из жашырып кетишкен.

Жабырлануучунун денесине келтирилген залаканы аныктоо үчүн ал соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Р.Н., жана 33 жаштагы А.М., кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Пикир

Оставить комментарий