• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто каракчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Быйыл январь айында Ош шаарында катталган каракчылык менен кол салууга тиешеси бар дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден билдиришкендей, быйыл 11-январь күнү болжол менен саат 03:30да Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын “Ак-Буура” шаардык милиция бөлүмүнө шаардык ооруканадан, белгисиз адамдар кол салып, денесинен жаракаттарды алган бейтап түшкөндүгү маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ички иштер органдарынын кызматкерлери келип, жабырлануучу 31 жаштагы Р.У. аттуу Ош шаарынын тургуну экени белгилүү болгон.

Алынган маалымат боюнча, болжол менен түнкү саат 02:00дө Р.У. өзүнүн “Тайота Камри” унаасы менен келе жатканда “Народный” дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар аны жолдун жээгине токтоткон. Белгисиз автоунаадан бир нече адам чыгып келип, кол салышкан. “Тайота” автоунаасынын айдоочусун жерге кулатып, буттары менен тепкилешкендиктен жаак тараптын үч жеринен сынык алган. Кылмышкерлер анын капчыгын, травматикалык тапанчасын алып качып кетишкен.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан аталган каракчылыкка шектүү делип үч жаран, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган “Казак” каймана аты менен белгилүү У.М. кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жогорудагы бардык кармалган жарандардын коомго коркунуч келтирген укукка жат аракеттерди жасоого тиешеси бардыгы аныкталган. Топтолгон материал кийинки териштирүү үчүн сотко жөнөтүлгөн.

Андан кийин аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоого жана кармоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иштери улантылган.

24-июнь күнү каракчылык менен кол салууга тиешеси бар дагы бир шектүү кармалган. Кармалган жаран − Ош облусунун Өзгөн районунун 34 жаштагы Т.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча Т.И. мурда соттолгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана “положенец” криминалдык статуска ээ.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий