• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ошто каралбай калган 2 көп кабаттуу үй заманбап үйгө айланды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда Ош шаарындагы үлгүлүү үй катары оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кулатов кичи шаарчасындагы №6, 8-көп кабаттуу үйлөр пайдаланууга берилди.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, тиешелүү жетекчилер, аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Т.Сарыбашов бул долбоор Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашып жатканын билдирди. Мэр өзү презентация жасады.

«Көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо, алдына асфальт төшөө, жашылдандыруу аянтчасын тосуу, тротуарларына брусчатка басуу, балдар аянтчасын куруу, түнкү жарыктандырууну камсыз кылуу, үйлөрдүн айланасын жашылдандыруу, кабаттуу үйдүн сырткы бөлүгүн подьездердин терезелерине жаңы айнектерди орнотуу, чатырларын оңдоп-түзөө, канализациялык тутумдарын оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Мындай иштер шаардагы башка көп кабаттуу үйлөрдө, жашоочулардын сунуштары, колдоосу менен уланат. Шаар шаардай болгону жакшы. Бул үйлөрдү үлгү катары оңдодук, жашоочуларга шарт түздүк”,-деп билдирди мэр.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен жалпы 6 442 310 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары иш башталаарда толук бүтүшүнө ишенбей жатышканын, 2 айдын ичинде заманбап, толук шарт түзүлүп калганына ыраазы экендигин билдиришти. Алар калаа башчысына ыраазы экендиктерин, иш бүткүчө кабар алып турганын айтышты.

Иш-чарага бардык аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары, көп кабаттуу үйлөрдүн үй жетекчилери (домком) катышып, долбоор тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Долбоор ушул жылдын 20-сентябрында башталып 14-ноябрда аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий