• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто карантиндик талаптарды сактабагандыгы үчүн 80ге жакын ишкана толук жабылды

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусунда карантиндик талаптарды сактабагандыгы үчүн 80ге жакын ишкана толук жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, Ошто 1-майдан баштап 7 тармак өз ишин баштаган.

"2-майдан бүгүнкү күнгө чейин уруксат берилген 400дөн ашык шаар, райондордо орун алган ишкана текшерүүгө алынган. Аны атайын комиссия текшерген. Комиссиянын курамына - шаардык мэрия, райондук администрация, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы, Салык кызматы жана ички иштер органдарынын кызматкери кирген. Комиссия тобу ар бир райондо түзүлгөн. Текшерүүдөн кийин 80ге жакыны талаптарга жооп бербейт деген чечим чыгып, толугу менен жабылган", - дейт комендант.

Нурдинов кошумчалагандай, жабылган ишканалардын катарына карантиндик талаптарды сактабай саткан тетик ишканасы, 3 наабайкана жана бир чач тарач кирген.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий