• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто карылар күнү белгиленүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров баштаган баардык вице-мэрлер, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери 100 жылдан ашык өмүр сүрүп жаткан карылардан кабар алып, майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

“Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров "Боорукердик" үй интернатында жашаган каарыларга урмат- сый көрсөтүп, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан келе жаткан карылар күнү менен куттуктап белектерди тапшырды. Жалпысынан Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдин демилгеси менен 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ош шаарында 100 жылдан ашык өмүр сүргөн алты, 90 жаштан ашкан 100дөн ашуун карыя катталып, алардын эң улуусу 115 жашка чыккан Ивакан Тешебаева”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, улгайгандарга сый-урмат көрсөтүү иш-чарасы 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий