• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто каржы пирамидасына азгыргандарга бөгөт коюу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Ош, 13.01.18. /Ерлан Тургунбаев - Кабар/. Ош шаарында кечээ, 12-январда каржы пирамидасына азгырылып жаткан жарандарга түшүндүрүү иш аракеттерин жүргүзүү максатында жыйын болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэриясынын коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башчысы Турсунай Айтматова, Ош ШИИБнын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алмаз Балтабаев, Ош шаарынын каржы полициясынын өкүлдөрү, аймактык кеңештир төрага, төрайымдары жана банк кызматкерлери келип катышты.

Ош шаарынын мэриясынын коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башчысы Турсунай Айтматованын айтымында биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алданууга жол бербөө зарыл экендигин айтып, жыйындын максаты да ушул экендигин билдирди.

Ал эми, Ош ШИИБнын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алмаз Балтабаев учурда 3 каржы пирамидасын уюштурган, алдамчылык менен иш жүргүзүп келген компания боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтып, алардын бири акчасын алдырган жарандарга толугу менен каражатты кайтарып бергендигин кошумчалады.

“Жол жээгинде айлык маянасы ири өлчөмдө төлөнүп берилет деген жарнактарга ишенбөөгө чакырабыз. Түшүнбөстүктүн айынан жарандарыбыз азгырылып, көп суммадагы акча карыз болуп калып жатышат. Учурда эки мыйзамдын негизинде алдамчылык менен иш жүргүзгөн компаниянын жетекчилигин жоопко тартып жатабыз, 2019-жылдан баштап жаңы мыйзам каралып чыкса азгырган, ортомчуларга да чара көрүлөт”, - деди А.Балтабаев.

Жыйында ар бир аймактык кеңеште каржы пирамидасы туурасында кенен түшүнүк жүргүзүп, шаардыктарды алданып калуусун алдын алуу иш аракеттери байма бай жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий