• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто “Каржылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк” аймактык форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кечээ, 11-октябрда Ош шаарында КРнын Улуттук банкы КР өкмөтүнүн көмөктөшүүсү менен уюштурган “Каржылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк” аймактык форуму өттү. Иш-чара президент жарыялаган Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өттү.

Форумга Улуттук банктын жетекчилиги, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Жалал-Абад, Баткен шаарларынын мэрлери, Ош облусунун райондорунун акимдери, Депозиттерди коргоо агенттигинин жетекчилери, “Кыргызстандын банктарынын бирикмеси”, Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду, “Кепилдик фонду” ААК, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК, “Банктар аралык процесстик борбор” ЖАК, өлкөнүн коммерциялык банктарынын юридикалык жактарынын бирикмелери, жергиликтүү бизнес-коомчулуктардвн өкүлдөрү катышты.

Форумду Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ачты. Өз сөзүндө ал аталган иш-чара жергиликтүү мамлекеттик бийликтин органдарынын катышуусунда финансылык институттардын жана үч облустун бизнес-коомчулугунун ортосундагы ээфективдүү диалог үчүн уюштурулганын белгиледи.

“Биздин алдыбызда каржылык кызмат көрсөтүүлөргө физикалык жеткиликтүүктү камсыз кылуу боюнча тапшырма турат. Ошондой эле калкты банктык каражаттарды колдонууга жана ага ишеним көрсөтүүгө үйрөтүү керек”, - деди Абдыгулов.

Катышуучулар аймактарды финансылык өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ишкерлер финансылык институттардын өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун ачык узатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий