• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ошто каза болгон эки жашар наристени сабоого шектелип жеңеси кармалды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Ош шаарында каза болгон наристеге кол көтөрдү деп шек саналып анын 31 жаштагы жеңеси кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-январда эки жаштагы наристени абасы (баланын атасынын агасы) «судороги болуп жатат» деп балдар ооруканасына алып келген. Врачтар баланы кароо учурунда бала ооруканага чейин эле каза болуп калганын айтып, милиция кабар беришкен.

Соттук медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесин сырттан кароо учурунда анын бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жараты бар экендиги аныкталган.

Кылмышка шектүү катары маркум наристенин 31-жаштагы жеңеси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Келин ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына сийип алгандыгы үчүн анча-мынча чымчып, анча-мынча буттарына уруп жүргѳндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктап, аялы тарбялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан.

Бул факты боюнча иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Кылмыш кодексинин "Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Милициянын маалыматы боюнча, маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Атасы Россияга иштегени кетип, балдарын ѳткѳн жылдын 30-декабрында Базар-Коргондон келип, агасынын үйүнѳ карап туруу үчүн тапшырып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий