• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ошто казыят кызматкерлери арасында футбол турнири болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Ош шаарында 24-Март Бүткүл дүйнөлүк Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө” карата Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) биргеликте “Кургак учукту бирге жеңебиз – Ислам кодулоого каршы” аттуу девиз менен түштүк аймактагы казыяттар арасында футбол турнири болуп өттү. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти.

Иш-чарага КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, облус казылары жана казыят кызматкерлери катышышты.

Мелдеш Куран окуу менен башталып, иш-чаранын негизги максаты тууралуу КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов төмөнкүлөргө токтолду: “Дин кызматкерлери коомчулук менен тыгыз байланышта иштешкендиктен, алардын коомдогу орду чоң. Андыктан Муфтият Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте кургак учуктун алдын алуу жана ар түрдүү эпидемиялык оорулардан сактануу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатат. Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты дагы дин кызматкерлери аркылуу коомчулукту сергек жашоо образына үндөө болуп саналат”.

Аталган мелдешке Баткен, Ош, Жалал-Абад облустук жана Ош шаардык казыятынын кызматкерлеринен куралган 4 команда катышып, командалар айлампа түрүндө беттешишти. Мелдешке Ош шаарындагы Футбол Академиясынын окуучулары калыстык кылышып, жыйынтыгында 1-орунга Жалал-Абад облустук казыяты, 2-орунга Ош облустук казыяты, 3-орунга Ош шаардык казыяты жана 4-орунга Баткен облустук казыятынын командалары ээ болушту. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан атайын дипломдор, ноутбук, фотоаппарат, термопот жана баалуу сыйлыктар берилди.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата кечээ 23-мартта Кыргызстандагы бардык жума окулган мечиттерде “Ден соолук” темасында баяндар жасалган.

Пикир

Оставить комментарий