• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто кездеме ишканасынын имараты өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагындагы Кең-Сай айылында жайгашкан кездеме ишканасынын имараты өрттөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсык тууралуу маалымат күн мурун, 6-сентябрда болжол менен саат 20:08де түшкөн.

"Жерине 7 бөлүм, 10 куткаруучу, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, бир суу ташуучу унаа тартылган. Мындан сырткары, ИИМ кызматкерлери, Суу чарба башкармалыгынан бир суу ташуучу унаа тартылды", - деп кабарлашты ӨКМден.

Өрт саат 21:35те чектөөгө алынып, 7-сентябрга караган түнү саат 00:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 686 чарчы метрди түзгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, тилсиз жоодон жабыркаган жана каза болгон адамдар жок

Пикир

Оставить комментарий