• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто кичи базардын ордуна жаңы аллея курулат - эскиздер

Аймак 0

Ош, 20.11.18. /Кабар/. Оштогу "Арча" кичи базарынын ордуна жаңы аллея курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы аллеянын курулуш иштери 2019-жылдын башына пландалган. Жаңы аллеянын долбоору учурда даяр. Ал Кулатов кичишаарчасынын аймагына курулат, бул жерде жергиликтүү шаар тургундары үчүн эс алуу борборлору жок.

Эс алуу жайы Б.Осмонов көчөсүндө курулуп, узундугу 850 метр, туурасы 15-18 метр болот.

Азыркы учурда мыйзамсыз курулган курулуштарды түрттүрүү жана соода түйүндөрүн шаардын башка райондоруна жылдыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий